Чаткал районунда жер айдоо иштери башталды. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев 22-апрелде SUPER.KG порталына билдирди. “Быйыл Чаткал районуна жаз эрте келди. Жалпы элибиз дыйканчылык иштерине камданып жатат. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен 19 тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү алынып келинди. Быйыл дыйкандарыбызга сугат сууну жеткирүүдө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,- деди К.Эшалиев.
Белгилей кетсек, Чаткал районуна жаз республиканын башка аймактарына салыштырмалуу бир ай кеч келет. Райондун эли тоо аймагында жашайт. Деңиз деңгээлинен 2000, айрым жерлери 2800 метр бийиктикте турат. Аталган райондо 6000 гектар айдоо аянты болсо, анын ичинен 2800 гектары суулуу болуп саналат. Калган 3200 гектары кайрак жер. Быйыл чаткалдыктар картошка, буудай, арпа жана күн карама өстүрүүнү өздөштүрүшмөкчү.