SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кош бойлууларга кеңеш" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр мындай:
"Кош бойлуу кезде чач кырктырса болбойт, анткени аялдын физиологиясы ошого ылайыкташкан. Керек болсо курсакта жаткан балага да психикалык жактан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бала төрөгөндөн кийин аялдын чачы кырктырбаса деле аябай түшөт. Ошондуктан кырктырбаганы оң".
"Чач кыркпоо ырымы биздин каныбызга сиңип калган болуш керек. Башка улуттагылар боюнда бар кезинде чачтарын кыркып эле жакшынакай ымыркайларды төрөп жатышат".
"Кош бойлуу учурда күн караманын данын чакса бала кара болуп калат дейт, ошол чынбы?"
"Күн караманын куурулган данын өтө көп эмес, азыраак чакса эч нерсе деле болбойт. Куурулбаганы өтө витамин, майларга бай, анан тоюмдуу келгендиктен, пайдасы бар. Калориялуу болгондуктан, ашыкчасы семиртет. Ич кычышканда майлап, сылап массаж жасоо керек".
"Кош бойлуу кезде организмди пайдалуу тамак-аш менен эле камсыз кылса болот. Гемоглобин талаптагыдай болсо, өзүн жакшы сезсе, витаминдерди кабыл алууну көп деле колдобойм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.