SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Мына сага 8 сомдук ыр!" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Samchuk).
Видеодон жаш баланын белгисиз бирөө менен канча сомго ырдаары тууралуу сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Бала "8 сом бергилечи" десе, ага "5 сом беребиз, ырдап берчи" деп жооп кайтарышат. Анда жаш бала өзү жатка билген ырларды шатырата айтып кирет. Албетте, анын аракети 8 сомдон да жогору бааланып, алкоого арзыйт. Ушунчалык берилүү менен ырларды айткан кичинекей баланын өнөрүн көрүп, сиз да өз бааңызды берсеңиз болот.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.