Биз социалдык тармакта

СУПЕРСТАН: "Жүгүнө берип чарчап уктап калыпмын, көзүмдү ачсам бир аял жоолугун үстүмө таштап чыгып баратыптыр"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Апам жаңы келин болуп келгенин айтып калчу эле, ал кезде нике кыйгандын эртеси чач өрүү деген салт бар болчу экен. Аялдарды, өкүл апаны чакырып алып келинди ортого отургузуп башын сары май менен майлап чачын өрүшчү экен. "Андан кийин сары май жыттанып, башым оорлошуп, жуусам да жыты кетпей абдан кыйналгам" деп эмдигиче айтат".

"Жаңы келин болуп барганда төртүнчү күнү көшөгөдөн чыктым. Жолдошум жумушка кеткен. Кечки тамакка оромо жасайын деп камдана баштасам, картошка калбаптыр. Кайненем кичинекей кайын сиңдимди кошуп дүкөнгө жиберди. Дүкөндөн чыкканда кайын сиңдим чуркаган бойдон көчө менен безип кетсе болобу?! Жашаган көчөмдүн атын билбейм же кайнатамдын атын эч качан укпаптырмын, телефон жок. Болжолдоп үйдү таап келдим бир маалда. Эки көзүм эки тоо. Кайненем көрүп "Эмне болду?" дейт. "Жолдошума эч нерсе айтпай эле коёюңуз" десем, эчак маалымат жетип калыптыр. Ал келип каткырып жатат. Азыр эстесем күлкүм келет".

"Эжем турмушка чыккан жылы кайнатасына уят болуптур. Эжемдин боюнда бар, ай-күнү жетип калган экен. Жердеги столго чай даярдап жатыптыр. Кайнатасы столдун бурчунда отурган экен. Анан эжем чай алып келип, столдун бурчуна таянып отурайын десе, столдун аркы бурчу көтөрүлүп, чай кайнатасына чачылып кетиптир. "Уялганымды айтпа" деп күлүп калат".

"Мен дагы келин болуп барганда бир күн кечке жүгүнө берип, акырында чарчап уктап калыптырмын. Көзүмдү ачсам бир аял жоолугун үстүмө таштап чыгып баратыптыр, уялганымды айтпа".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kushbakov87
2016-04-24 16:51:12
Ха ха го
+1
Islambek.M
2016-04-24 17:12:07
Келиндер
+1
Medina87
2016-04-24 19:01:58
Кечээ обедден кийин баштаган туну бир оокумга чейин окуп да аягына жете албай, бугун гана окуп буттум эле ушул теманы.
Бар болгула, бактылуу болгула "Баяндамачы" Женелер!!
+2
DJONSON
2016-04-24 22:56:33
кызыктуу темаго
0
Kroxa
2016-04-25 01:49:54
Бизде бир келин шаарда окуп журуп жаны келген кезде куйоосу тосуп алчу экен бешинчи куну дайыма,бир куну тортунчу куну келип куйоосу тоспой калыптыр анан адашып айылдан сурайт экен Адыл агайдын уйу кайда деп куйоосу мугалим болчу дешет,,анда телефон жете элек айылда
+1
argen.kg4
2016-04-25 03:27:59
Чын тогунун билбейм.Коп эле болуптур.Кошуна агабыз уйлонот.Ал агабыз жана атасы намаз окушат экен.Бир куну тан ата электе аялы эшике суу сееп шыпырганы уйкусурап жонойт.Баратса куйоосу шымын чечип даарат алып жатыптыр.Аялы билгизбей алтынан барып:Конгуроондон ай конгуроондон деп конгуроосунан кармаса ал унчукпайт.Эмнеге унчукпайтдеп коюп суун чачып коюп уйго кирсе куйоосу козун ушалап "уктап калган турбаймбы"дер шаша кийинип жатыптыр.Корсо кайнатасынын конгуроосун кармап алыптыр.
+2
munara.11.
2016-04-25 07:30:31
argen.kg4,ха ха ха го
0
Kunbeken
2016-04-25 09:19:07
сары май менен майлаганы кызык экен)))
0
ziko_kt
2016-04-25 14:26:30
мен Алайдан Жалалабадга келин болуп баргам. Кыргыз учун алыс да бир дубандан экинчи дубанга келин алуу. анан бир чон энелери келип калды мени коргону. жугунуп дасторкон жайып чай куюп атсам кайненеме, жолдошума карап айтат мынтип: "эмне, ушунча чон дубандан ушундай кыз чыкпадыбы? эс оогудай деле чырайлуу эмес экен" деп.)))) кулоо берип кыйрап калганбыз. азыр да эстейбиз аны. андан бери коп жыл отуп кетсе да.
+1
Shorobashat
2020-11-12 08:22:06
Бул теманы окуп бүтө албайсың го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан