1940-жылы 23-апрелде опера ырчысы, СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкыев Фрунзе шаарында туулган. Ташкент мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрына солист болуп кирген. Искусство институтунда окутуучу болуп эмгектенген.
Консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи сынагынын лауреаты болгон. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. Ал көптөгөн операларда башкы ролдорду аткарган. Концерттик программалар менен чыккан, Москванын Чоң театрынын сахнасында, Санкт-Петербург академиялык опера жана балет театрында ырдаган.
Болот Миңжылкыев эл аралык, бүткүл союздук сынактардын катышуучусу жана Бүткүл союздук Ленин комсомолу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Ырчы тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үнү менен дүйнөнүн көп жерине таанылып, атактуулукту багынткан. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
Болот Миңжылкыев 2000-жылы 60 жашка караган курагында көз жумган.
23-апрелдин жылнаамасы.