МЕДИА-ПОРТАЛ: Кундуз Канатбек кызы "Алгачкы сүйүүм" ырынын клибин тартууда актёрлор образга кире албай кыйналышкан" дейт

"Медиа-порталдагы" алгачкы сүйүү тууралуу аткарылган чыгармалардын бири ырчы Кундуз Канатбек кызынын "Алгачкы сүйүүм" ырынын клиби. Ырчы клип тууралуу буларга токтолду:

"Клипти тартууда көп деле кыйынчылык болгон жок. Каармандар образ жаратууда гана кыйналып жатышты. Урушчу жерде уруша албай, таарыныш керек болгон учурларда бири-бирине таарына албай күлүп жиберген учурлар көп болду. Жайда баштаган клипти бир жыл дегенде бүтүргөнбүз, себеби андагы кээ бир кадрлар мага жакпай кайра-кайра алууга туура келген. Кышында жайдагыдай мезгил экенин көрсөтүү үчүн жука кийинип, үшүгөнүбүзгө карабай клип тартканбыз".

Кундуз Канатбек кызынын "Алгачкы сүйүүм" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Inna_91
2016-04-24 14:58:48
Керек болсо Шахзодадан сулуумун деп мактанган эле.кундуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан