Бишкекте "Тамашоу" Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы өтүп жатат

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы өтүп жатат. Ага "Универсал", "Позитифф", "Кыргыз двор", "Ала Тоо", "Рота", "НКБ", "National", "Brooklyn", "Ассорти", "Ошингтон", "Ацтек", "Талас", "Восток", "Hypevent", "Мисс шоу", "Босфорд", "МК шоу", "Жигиттер", "Кыргыз style", "Келечек", "Арча-Бешик", "Эксклюзив" командалары катышууда.

Калыстар тобунун катарында тамада, "Тамашоунун" Ош шаарындагы калыстар тобунун мүчөсү Эрнис Кулназаров, "Супер-Инфо" гезитинин башкы редактору Эльвира Караева, режиссёр Рысбек Жабиров, тай-бокс боюнча Дүйнө чемпиону Шахриза Халилова, ырчылар Мерген Турган, Жийдеш Идрисова, Урмат Усенов бар.

"Тамашоу" Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалында командалар коомдогу, маданияттагы түрдүү көрүнүштөрдү, ошондой эле белгилүү музыкалык чыгармаларга тамашалуу пародияларды айтып жатышат. Ал эми "Мурас" курама командасы социалдык тармактар тууралуу ыр ырдап, бир уюлдук телефонду сахнада сындырып салышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
owtu
2016-04-23 20:59:25
а.а алга тамашоу!
0
MuslimNur95
2016-04-23 21:14:23
Талас командасы аябай кучтуу команда экен жонокой бирок тамашалары оргинал молодец талас.
0
anipa11
2016-04-23 21:54:25
Позитив супер
0
barsa30
2016-04-23 22:44:02
туз эфирден коргозуп атабы ктрдан
0
Shekeev969798
2016-04-23 23:07:41
Келечек алгааааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан