Бишкекте роботтор жарышып, кармашып, бокс боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү (фото)

23-апрелде Бишкек шаарында “Robot Competition” робот таймашы болуп өттү. Таймашка 50 долбоор менен Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.

“Себат” билим берүү мекемесинен кабарлашкандай, сынактын жыйынтыгында командалык эсепте Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинин командасы 1-орунга ээ болсо, башталгыч класстар арасында сынактардан “Сейтек-Туңгуч” мектебинин командасы жеңишке жетти.

Таймаштын алкагында бийлөө, робот унааларынын жарышы, сумо жана бокс мушташы сыяктуу сынактар болду. Окуучулар роботторду “Лего” конструкторлорунан чогултуп жана ал роботторго кыймыл берүүчү программаларды жазып даярданышкан.

Бул иш-чара быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. “Роботтор” таймашынын негизги максаты окуучуларды роботтор дүйнөсү менен кеңири тааныштыруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alisherchik
2016-04-25 10:07:26
Мага Мегатрон жакты ))) Озумо алмакмын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан