Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына караштуу тилкелерде түшкөн жер көчкүнүн жылуусу активдүү, көчкү Алмалуу суусуна жетип суунун нугун азыраак тосуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жер көчкү мындан ары дагы жылса, Алмалуу суусун толук тосуп калуу коркунучу бар. Эгерде суу тосулса, 8 чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 кожолугу бар Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратат.
24-апрелде министрликтин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин башкы адиси кырдаалды изилдешип, жер көчкүнүн кооптуулугу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнү айтылат маалыматта.
Жер көчкүнү айыл аймактын жетекчиси жана Жайыт комитети көзөмөлдөөдө.