"Сүйүү жазы, менин махабатым,
Дарылачы жүрөк жараларын" деген саптары бар Гүлнара Кахарованын аткаруусундагы "Сүйүү жазы" ыры бир кезде хит болгон чыгармалардын катарына кирет. Эми бул ырды Кыздаркан Келдибекова жаңылап ырдап чыгып, ага клип тартты. Клип тууралуу ырчы буларга токтолду:
"Бул ырды Гүлнара Кахаровадан уруксат алып ырдап чыгып, клип тарттырдым. Клипке карата белгилүү эле ырчылар өздөрүнүн жакшы пикирлерин айтышты. Чет өлкөдөгүдөй клип тарттырсамбы деп ойлоп жүргөм. Бийчи кыздардын коштоосунда, сюжети жок, студиянын ичинде тартылгандыгы мен үчүн өзгөчө болду деп ойлойм. Клипти эки күндө тартып бүттүк".
Кыздаркан Келдибекованын "Сүйүү жазы" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.