Легендарлуу "Биз" тобунун ар бир чыгармасы эл жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлардын катарына кирет. "Кечки бульвар" ыры да популярдуу ретро ырлардын катарын толуктайт. Ал эми ырга клип кечки бульварда эмес, кадимки эле студиялардын биринде тартылган. Клиптин режиссёру Алим Токторов мындай дейт:
"Ар бир эмгекти жаратууда өзүнүн максаты болуш керек. Мен ал учурда КТРде "Күлкү менен, ыр менен" долбоорунун үстүндө иштечүмүн. Теледолбоордун аты айтып тургандай, көрүүчүгө атайын даярдалган күлкү, анан ыр тартуулоо керек эле. Өзүмдүн режиссёрдук дареметимди сынап көрүү максатында жана атайын көрсөтүүгө ылайыктап студиянын ичинде сейил бак жасап, "Биз" тобунун жаңы чыккан "Кечки бульвар" ырын тартканбыз. Тагыраагы, ырга клип эмес, клип сындуу видео тартканбыз. Бул программанын негизги милдет, максаттарынын бири эле. Студиянын ичинде "Биз" тобунун эле эмес, башка ырчыларга да ушул сыяктуу клиптер тартылган".
"Биз" тобунун "Кечки бульвар" ырына тартылган клипти бул жерден көрүңүз.