Алайда жергиликтүү депутат килем-паластарды дарыяга жууганы үчүн ага 7 миң сом айып пул салынды

Ош облусунун Алай районунда Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты Руслан Кеңешбаев үй-бүлөсү менен экологиялык эреже-талаптарды бузуп, килем-паластарды Гүлчө дарыясына салып жууп жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган инспекциянын кызматкерлери ошол жерден акт жазып, №0004449-протоколду түзүп, депутатка 7 миң сом айып салышты. "Бирок Руслан Кеңешбаев актыга жана протоколго кол коюудан баш тартты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Anarbek58
2016-04-25 10:24:26
Ото туура.
0
toni_1984
2016-04-25 10:28:54
ой тобо бир банги зат менен кармалгандай колго тушту деп жаман эле кылыпсынарго. Жергиликту депутат мындай кылбаш керек болчу эми той же конок кутуп атса керек да жаман килем-паластары жууп**********
+3
Er-jurok.
2016-04-25 11:08:39
toni_1984,башка партиянын депутаты болсо керек да.
+3
Pantherka
2016-04-25 11:37:48
Элдин баарыле жууп атат го негиз анча эмне.
+4
Moskva.kg
2016-04-25 12:25:07
Нарын дарыясына канчалаган улуу заттар тогулот ошону караш керек бирок килем жууганы маанилуу эмес
+1
Aramisa
2016-04-25 23:49:00
Moskva.kg, кандай манилуу эмес? Томон жагынан канчалаган эл суу ичет.
0
Nasi1981
2016-04-25 12:33:35
Оооо ото кыйратып, чооон ачылыш жасап коюшуптурго. Бул чын эле башка партиянын депутаты болсо керек, болбосо шайлоо таза отуш керек деп алып, откондо СДПКнын депутаттары ХХХ ХХХ го, реклама кылып чакырышып. Андайды корбой калышыппы эле деймда?
0
admin_portal
2016-04-25 16:31:37
Nasi1981, далили жок кимдир бирөөнү каралоого тыюу салынган! Азырынча оозеки эскертүү!
0
nursultan.91
2016-04-25 18:32:48
Nasi1981, айылдык кенештин жергиликтуу депутат деп турат,жогорку кенештин депутаты емес
0
lolo.1
2016-04-25 19:47:06
Элдин баары эле жууйтко
0
Aramisa
2016-04-25 23:50:44
кобурок салбаптыр андай озун ойлогон сабатсызга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан