Бишкек мэриясынын ыкчам чара көрүү кызматына акыркы аптада электр менен камсыздоо, транспорт, жашылдандыруу маселелери боюнча көп кайрылуу түштү.
Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 15-22-апрель аралыгында "185" номуруна 203 арыз жана кайрылуу түшкөн. Анын 92си катталып, 29у боюнча чара көрүлгөн.