"Кинозал" бөлүмүндө мелодрамалык жанрда тартылган тасмалардын катарында "Табышмактуу тагдырлар" тасмасы бар. Фильм 2008-жылы тартылган, режиссёру - Темир Азем уулу, продюсери -Нышанбай Топчубаев. Анда Гүлнур Асанова, Нышанбай Топчубаев, Бекзат Эркин уулу өңдүү талант ээлери роль жаратышкан.
Башкы каармандардын биринин образын жараткан Гүлнур Асанова тасма тууралуу мындай дейт:
"Бул тасмага 2-курста окуп жүргөндө тартылгам. Тартуу учурунда көп деле кыйынчылыктар болгон эмес. "Табышмактуу тагдырлар" жана башка кайгылуу тасмаларда роль жараткандан кийин дагы ушул сыяктуу тасмаларга сунуш түшкөндө баш тартып койдум, себеби баягы эле муңдуу образды чагылдырыш керек болчу. "Кинодо кандай ролду ойносоң, кийин ошол нерсе жашооңо таасир этет" деп айтып калышат. Мен бул нерсеге маани деле бербейм, болгону бир образга байланып калгым келбеди".
Тасмада жашоодо эч бир жакшылык көрбөгөн келин акыры жашоодогу өз ордун табат. Татыктуу мырзага туш болуп, көптөн бери издеген уулу менен жолугат...
"Табышмактуу тагдырлар" тасмасын бул жерден көрүңүз.