Бишкек шаарындагы Аламүдүн суусу менен Чүй кең көчөсү кесилишкен туштагы көпүрөнү оңдоп-түзөө иштери июнда аяктайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, учурда мэрияга караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгы көпүрөнү оңдоп-түзөө иштерин улантууда жана июнда бүткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө топурак төшөө, тирөөчтөрдү орнотуу жумуштары жыйынтыкталды.