Индияда өткөн кинофестивалда "Асман алдында" тасмасында ойногон кыргыз актёру Анвар Осмоналиев "Мырзанын мыкты ролу" наамына ээ болду

Индиянын Бхубанешвар шаарында өткөн "Алтын үч бурчтук" Эл аралык кинофестивалында кыргыз тасмасы жана актёру сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кинофестивалда режиссёр Дальмира Тилепбергендин "Асман алдында" жана режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмалары сыйлыкка көрсөтүлгөн. "Асман алдында" тасмасында ойногон кыргыз актёру Анвар Осмоналиев "Мырзанын мыкты ролу" наамына ээ болду, ал эми "Курманжан датка" тасмасы калыстар тобунун сыйлыгына татыды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karamat1999
2016-04-25 11:59:59
Азаматсынар,дагы да чон-чон ийгиликтерди каалайм!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан