SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Эвересттин чокусундагы мүрзө" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Bosaya).
Видеодо дүйнө жүзүнө белгилүү Эверест чокусун багынтууга жөнөп, бирок тоо боорунда көз жумган альпинисттер тууралуу баяндалат. Ызгаардуу суук аба ырайы, татаал жолдор, өмүр менен өлүмдүн күрөшү Эверестти багынтууга чыккан ар бир альпинистти мүнөт сайын коштоп турат. Эч бир кыйынчылыкка, коркунучтарга карабай бийик чокуга чыгууну самагандардын кээ бирлери ошол жактан каза табышат.
Эверестте сөөгү көмүлбөй ачык асман алдында калган альпинисттер тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алыңыз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.