Түркиянын Мугла провинциясынын Бодрум аймагында полиция тарабынан уюштурулган ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 13 кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду. Ошондой эле "кыздардын каршылыгына карабай сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган" деген шек менен грузиялык аял кармалды.
Түркиялык басылмалар кабарлашкандай, бул жайдан бошотулган 13 кыздын 11и кыргыз кыздары болуп чыкты. Калган эки кыздын бири өзбекстандык, бири грузиялык. Алардын жаш курактары 18 жаштан 25 жашка чейин экени маалым болду. Кылмышка шектүү кыздардын паспортторун тартып алып, интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган.