СУПЕРСТАН: Сүйүү күчтүүбү же көңүл калуубу?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүү күчтүүбү же көңүл калуубу?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Таанышып, бир көрүп сүйүшүп-күйүшүп, бири-бириңсиз жашоо жоктой сезилип, секунда сайын эстен кетпей сагынышып, айлап-жылдап сүйлөшүп, бирге бактылуу күндөрдү өткөрүп, бирок бир күнү көңүлүң калып калабы? Кызгануу, уруш-жаңжал, кээде жек көрүү, ушуну менен сүйүү өчтү. Бүттү! Мен эч түшүнбөй келем, сүйүүдөн көңүл калуу күчтүүбү? Эмне үчүн ушундай тунук, күчтүү сүйүүнү көңүлүң ооруса токтотуп коёсуң?"

"Эгерде сүйүүңүз чыныгы сүйүү болсо, көңүл калууну кечиримдүүлүк жеңип кетмек..."

"Көңүл калуудан сүйүүгө өтө албайт го, а сүйүүдөн көңүл калууга өтөт экен, демек, көңүл калуу..."

"Сүйүүң канчалык күчтүү болсо, көңүл калуу да ошончолук күчтүү болот".

"Сүйүү - бул жалбырак. Сүйүшүп жүрүп көңүл калып, муздап калган сүйүү - жалбырак сыяктуу саргайып калган. Саргайган жалбырак кайра жашыл болбойт да, бирок жалбырак бойдон кала берет. Сүйүүнү сактап, аны ар кандай жаман нерселерден коргоп калган түбөлүктүү сүйүү арчадай өмүр бою жашыл бойдон тура берет. Ал эми жетпей калган бардык нерсе сонун боло берет да, керек болсо тамак деле".

"Көңүл калуу күчтүү. Көңүл - гүл, соолуса ордуна келбейт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arawan
2016-04-25 14:00:13
менимче конул калуу конул назик болот да мин суйуп турсан деле конул калуу женип кетет
0
insap
2016-04-26 09:03:41
Көңүл калуу күчтүү екнине мойунсал болот көрүнөбүз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан