СУПЕРСТАН: Мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлүү тема: Өкүнүчтүүсү, өз эне тилибизде сүйлөгөндөн уялабыз

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыргызча билбеген кыргыздарды эмне кылуу керек?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыргыз тилин өнүктүрөбүз дейбиз, чоңдорубуз өздөрү "киргиз" деп жатса, арты кандай болот?
Кыргыз баласынын жүрөгүндө патриоттук сезим кан-жаны менен тең айланышы керек. Бардык нерсе ата-энеден болот да, "баланы башынан, аялды жашынан" деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
Келгиле, туугандар, кыргыз тилин өнүктүрбөсөк да, ушул форум аркылуу бир аз да болсо артыбызды карап кыргыз экенибизди унутпайлы".

"Паспортуна "улуту белгисиз" деп жазып коюш керек".

"Көп тил билүүнүн жана сүйлөөнүн эч кандай зыяны жок, бирок сүйлөй турган жерде сүйлөш керек. Мисалы, кыргыздардын арасында кыргызча, орустун арасында орусча, немистин арасында немисче дегендей".

"Ар ким каалаган динди тутунуп, башка улуттагылар менен баш кошуп жатканда кыргызча билбегендерди эмне кыла алмак элек? Демократия деп эле кыргыз артка кетмей болду".

"Учурда мамлекеттик деңгээлдеги эң көйгөйлүү тема... Өкүнүчтүүсү, тилибизге урмат-сыйдын кеткени, өз эне тилибизде сүйлөгөндөн уялабыз. Кыргыз болуп кыргызча сүйлөй албагандарды толук кандуу кыргыз деп эсептөөгө болбойт".

"Биз, кыргыздар, эмнегедир тилибиз бат бурулат да. Башка тилдерди бат үйрөнөбүз. Албетте, бул жакшы нерсе, бирок 1-орунда өз тилибиз болушу керек. Ал эми кыргызча такыр эле билбегендер үйрөнсүн, башка тилдерди балекеттей үйрөнгөн кыргызчаны деле үйрөнсө болот да. Менимче, кыргызча билбегендер жөн эле үйрөнгүсү келбегендер".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Anarbek58
2016-04-25 17:22:53
Биринчи кезекте биздин жепжутаттар Жогорку Кенеш жыйынын кыргыз тилинде отушу керек.Жаны болочок спикерге ошондойталап кылуу керек. Урматтуу жепжутаттар!!!!!!
+1
tashi62
2016-04-25 17:57:38
Ошто түзүк эле кыргызча сүйлөшөт а бишкекке барсаң орусча сүйлөп шаштырышат.
+4
ASMAN2016
2016-04-25 18:19:37
Тилибизди сыйлайлы,биздин тилибизди бироо келип сыйлап бербейт,озубуз сыйласак,суйлосок башкалардагы сыйлайт жана суйломок келгилесаламдашкада кыргызча саламдашы ошондо акврындык менен баары кыргызча суйлогонго отушот
+1
MuslimNur95
2016-04-25 18:21:03
Бишкекте мамлекеттик ишкана коомдук ишканаларга ооруканаларга кирсен кыргызча суйлобойт орусча суйлосо да зеенин кейийтда айылдан баргандар кыйналат.
+2
ilyaznurperi
2016-04-25 20:48:30
MuslimNur95,оа туура айтасыз орус тилин билбесен эч кайда кайрыла албайсын,а башка улуттагылар кыргыз тилин билсе да оздорунун тилин беришпейт.
+1
kufa
2016-04-25 22:43:04
Кыргыз тилине муктаждык кылып коюш керек. анан коробуз ким уйронбойт экенин.
0
altyshka_23
2016-04-26 14:23:31
Бишкекте эле ошондой,башка шаарларда кыргызча эле суйлошот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан