Бүгүн, 25-апрелде Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов Үрүмчү шаарынын биринчи вице-мэри Сюе Пинь баштаган Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолукту. Ага Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчылары, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Сун Лицюнь, Үрүмчү шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана КРнын Тышкы иштер министринин түштүк аймагындагы өкүлчүлүгүнөн катышты.
Мэриядан кабарлашкандай, Ош шаарынын вице-мэри эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле
жылдан-жылга чыңалып, кызматташууну үзбөй келе жатканын айтып өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Үрүмчү шаарынын биринчи вице-мэри Ош шаары менен кызматташууга даяр экенин билдирип, бул акыркы жолугушуу эмес экенин белгиледи. Өз кезегинде Ош шаарынын мэриясынын атынан Кытайдан келген делегацияга белектер тапшырылды. Үрүмчү шаарынын мэриясынын атынан да Ош шаарына белек берилди.