"Бириккен Улуттар Уюмунун чечими Азимжан Аскаров күнөөлүү эмес дегенди түшүндүрбөйт" дейт акыйкатчы Кубат Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев БУУнун комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча чечими анын ишин кайра карап чыгууга жүйө болуусу керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди.
БУУнун комитети буга чейин Азимжан Аскаровду бошотуу талабын койгон. Ал эми акыйкатчы БУУнун чечими Аскаровдун ишин кайра карап чыгууга негиз болушу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. БУУ Азимжан Аскаровду абактан бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган баяндамасын жарыялаган.
Акыйкатчы Кыргыз Республикасы Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык уюмга мүчө болуп киргенин, андыктан аталган нормада каралган адам укуктары жана эркиндиктери сакталышы керектигин айтат. Бул нормаларды БУУнун Адам укуктары боюнча комитети көзөмөлгө аларын айткан.
"Конституциянын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерге киргенден кийин андагы эрежелерди сактоосу керек. Баш мыйзамдагы 41-беренеге ылайык, эгерде кыргыз жеринде адам укугу бузулса, анда эл аралык укук коргоочу уюмдарга кайрыла алат. Эгерде эл аралык укук коргоочу уюмдар кайрылган адамдын укугу бузулганын тааныса, Кыргыз Республикасы бузулган укукту калыбына келтирүүсү керек",- дейт акыйкатчы.
Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 384-беренесине ылайык, эгерде эл аралык уюмдар тарабынан адам укугу бузулганы аныкталса, кылмыш ишин кайрадан карап чыгууга түрткү болорун кошумчалаган. "Бирок ошол эле учурда БУУнун чечими Азимжан Аскаров күнөөлүү эмес дегенди түшүндүрбөйт",- деген оюн айтты акыйкатчы.
Кыргыз Республикасынын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улуттар аралык жаңжалдашууну тутандыргандыгы, массалык баш аламандыктарды уюштургандыгы үчүн, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы от күйгөн учурунда укук коргоо кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп соттолгон.
2010-жылы нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан 13 милиция кызматкерин сабап, ал эми аймактык тартип сакчысы Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен.
Жогорудагы жагдайлар эске алынбай, 2015-жылдын июль айында АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" деген сыйлыктын ыйгарылышы кыргыз жарандарынын нааразычылыгын жараткан. Мындай адилетсиздикке жооп кылып Кыргыз Республикасы АКШ менен 1993-жылдын 19-майында түзүлгөн кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.