Бишкекте жогорку чыӊалуудагы электр линияларынын тушуна мыйзамсыз салынган үйлөр көбөйдү. Бул тууралуу журналисттерге рейддин жүрүшүндө Энергетикалык коопсуздук боюнча башкармалыктын кызматкерлери далилдешти.
Алгач Маевка айылындагы кубаттуулугу 110 киловольт электр линияларынын жанындагы тамдарды, футбол ойноочу стадионду көрө алдык. Чүй облустук жогорку чыӊалуудагы электр байланыш ишканасынын өкүлү Замир Атыкановдун айтымында, мыйзам чегинде аталган курулуштар электр линияларынан 20 метр алыс аралыкта болуш керек. Анткени жогорку чыӊалуудагы зымдар жарандардын өмүрүнө зыян алып келип, кооптуу кырдаалды жаратат. “Биринчиден, мындай жогорку чыӊалуудагы линиянын жанында жашагандардын ден соолугуна зыян, себеби электр магниттик талаа пайда болуп, тургундардын баштары ооруп, кан басымдарына таасир берет. Жарандар биздин ишканабызга дагы ыӊгайсыз абалды жаратышууда. Текшерүү, оӊдоо иштеринде жолдордун тардыгынан унаабыз жолдордон батпайт”,- деди З.Атыканов.
Андан соӊ журналисттер тобу ошол эле аймакта жайгашкан жогорку чыӊалуудагы электр линиясынын тушунда жайгашкан чоӊ күнөсканага күбө болду. Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын башкы инспектору Марлис Өмүралиев аталган мыйзам бузуу фактыларын сотко өткөрүп бергени менен, эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын айтты: “Маевкада 14 мыйзамсыз курулуш катталган. Баарын сотко өткөрүп бердик, бирок эч кандай майнап чыкпай келүүдө. Мисалы, бул күнөскананын тегерегин баары тосмо менен тосуп алган. Биздин кызматкерлер кантип оӊдоо иштерин аткарышат, унаабыз каяктан кирет?”
"Электр линиялары боюнча эӊ оор маселени жараткан аймак - Дордой-2 конушу",- дейт Марлис Өмүралиев. Бул жерде 19 үй кубаттуулугу жогору электр линияларынын жанына салынган. “Мыйзамсыз деп 2 үйдү түрттүрдүк, бирок кайрадан үй түшкөн. Биз мыйзам чегинде жоопко тартабыз, бирок жерди мыйзамсыз бөлүштүрүп берген айыл өкмөттөрү, тиешелүү органдар жоопко тартылбай келүүдө",- деди ал.