“Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл аймагына Иринжит каналынан сугат суу берүү бир айга кечигип жатат. Учурда бак-дарактарды сугаруу мезгили. Буга чейин суу апрель айынын башында берилчү",- деп билдирди SUPER.KG порталына Аксы районунун тургуну Токтобай Эсеналиев.
Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ысмайыл Ибраимов суунун кеч берилишин Иринжит каналындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүп жатканы менен байланыштырды. 2015-жылы Иринжит каналы 3 жеринен жарылып кеткен болчу. Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Ысмайыл Ибраимовдун 9-апрелде "оңдоо иштери бүтсө, 25-апрель күнү сууну коё беребиз” деп жалпы жыйында элге берген убадасы аткарылган жок.
Иринжит каналынан келген сууну Кош-Дөбө, Атана, Чие, Торук, Жаңы-Торук айылдары пайдаланат. Каналдын узундугу 7 чакырым 800 метр. 2015-жылы 23-июлда президент А.Атамбаев ачылуу аземине катышып, кызыл тасмасын кесип кеткен.
Белгилей кетсек, мамлекеттик комиссия каналдын курулушун текшерип өткөрүп ала элек. Иринжит каналы 2013-2014-жылдар аралыгында президенттин жеке көзөмөлүнө алынып, 411 миллион сом жумшалып бүткөрүлгөн.