Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 8 миллиард 975 миллион куб метр болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 470 куб метрге, агып чыккан суу секундасына 189 куб метрге жетүүдө. Былтыр бул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард 433 миллион метр кубду түзгөн.