SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Прохор Шаляпин ДНК тапшырды. Жыйынтыгы баарын нес кылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: filmgoers).
Орусиялык белгилүү алып баруучу Андрей Малаховдун "Пусть говорят" ток-шоусунун кезектеги берүүсү ырчы Прохор Шаляпин менен модель Анна Калашникованын сүйүүсүнө чекит койду көрүнөт. Себеби Биринчи каналдын студиясында алып баруучу Шаляпин Аннанын баласынын атасы эмес экендигин тастыктаган ДНК анализдеринин жыйынтыгын угузган. Мындай билдирүү ырчыны нес абалга калтырган, анткени ал буга чейин баланы өзүнүн уулу деп эсептеп келген. Видеодон ырчынын эмне кыларын билбей турганын, ал эми модель эч нерсе түшүнбөгөндөй түр көрсөтүп жатканын көрүүгө болот.
Маалыматтарга караганда, эки жаштын пландалган тою болбой турганы белгилүү болду.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.