Ош. Шаардык "Тазалык" ишканасы “Таза короо” долбоорун ишке ашырды

Ош шаардык "Тазалык" ишканасы “Таза короо” долбоорун ишке ашырып, 640 көп кабаттуу үйдүн айланасын тазалап, 10 миң даракты актады. Мындай маалыматты бүгүн, 25-апрелде SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынан билдиришти.

Буга чейин аталган ишкана жөн гана "Таза шаар" деген чакырык менен иштеп келген болсо, мындан улам “Таза короо” долбоорун иштеп чыккан. Бул долбоордун алкагында ишкананын кызматкерлери гана эмес, шаар тургундары да калааны таза кармоого аракеттерди көрүшөт. Иштелип чыккан долбоор ушул жылдын 5-мартынан тарта өз ишин баштаган. Бул долбоор жыл ичинде 12 ай бою иштейт. Шаардык "Тазалык" ишканасында кар тазалоочу, жол шыпыруучу, суу чачуучу жана башка 54 атайын техника бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurbek1995
2016-04-25 19:31:19
Ош ош ош
+5
Meer
2016-04-25 22:42:51
Ооба чындап эле коп кабаттуу уйлордун алдын тазалап,дарактарды актап бир топ эле таштандылардан арылтып коюшту.
+1
aidarych1
2016-04-25 23:04:47
Кана эми баардык областарда ушундай болсо кочолорду тазалап... биз дагы таза журушубуз керек сен таза болсон мен таза болсом коом дагы таза болот дегендей.. келгиле кыргыз элим тазалыкты сактайлы... таштандыны атайын таштандыга салалы жерге таштап койбой...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан