Аксы районунда 25 жыл тарыхы бар Ак-Терек каналын казуу иштери башталат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ак-Терек каналын казуу иштери башталат. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG порталына Аксы районунун акими Медет Айдаралиев билдирди.

"Ак-Терек каналын казуу иштери жылдын жарым жылдыгында башталат. Ал үчүн мамлекеттин казынасынан 50 миллион сом каражат бөлүндү. Ак-Терек каналынын узундугу 7 чакырым 300 метрди түзөт. Канал курулуп бүтсө, андан агып келген суу Иринжит каналына куят. Анда миңдеген гектар кайрак жерлерибиз сугат жерге айланат”, - дейт М.Айдаралиев.

Белгилей кетсек, аталган каналды куруу демилгеси аксылыктар тарабынан 1991-жылдан бери көтөрүлүп келет. Канал курулуп бүтсө, Кербен шаары, Чие, Атана айылдары сугат суу менен камсыз болот. Ал эми ондогон жылдар бою сугат суу жок иштетилбей жаткан 5 миң гектарлуу Сары-Жайык тилкеси пайдаланууга берилмекчи. Буга чейин Сары-Жайык аймагынан элге жер тилкесин берип, жаңы айыл өкмөт түзүү ойлору айтылып, бирок ишке ашпай келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ediko85
2016-04-26 12:36:39
Охоо жакшы болотко андай болсо....
0
talant87
2016-04-26 16:54:53
жакшы ошондо кайсыл сууну алып отот пачатабы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан