СУПЕРСТАН: "Бир жакка жөнөп, керектүү нерсемди унутуп кайра кирсем, кайненем шкафымды ачып карап жатыптыр"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайнененин кылыктары" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Апам айтып калат, "Эриң жакшы да, анан анын ата-энеси жаманбы? Эч качан жаман дебегиле, эриңдин бир тууганы сенин да бир тууганың" деп. Бирок нерв чыдабайт, жок дегенде интернетке жазып жеңилдеп алгыбыз келет. "Тешик ооз тек турбайт" дейт эмеспи".

"Кайненемди алтын адам десем окшошпой калат экен, каардуу дагы эмес, жоош дагы эмес. Анча-мынча кайненелик кылып коёт. Мындайда мен деле кем калышпайм го. Кайненем жасаган ишимди, үйдү кармаганымды, тамакты даамдуу жасаганымды баалайт. Ушунусуна шүгүр. Анча-мынча кайненелер бааламак турсун, жакшы сөзүн ыраа көрүшпөйт го. Азыр "апалап", жайгарышты үйрөнүп алгам".

"Кайненем келди, жыргап эле калдык, үйүбүз бака-шака болуп. Күнүгө жолдошума телефон чала берип тажатчумун. Азыр аны эстегенге убакыт жок, апам менен божурашып сөзүбүз бүтпөйт".

"О-уу, менин кайненем келин болуп келгенде 1 халат берген, кийин 2 байпак берди, болду. Ооруканага кеткенде кийимдеримди текшерет, ашыкча бир нерсе жесең эми мээни жейт, корком. Апам салган акчаны колума карматпайт".

"Бир күнү иштер менен жолго чыгып, керектүү нерсемди унутуп кайра кирсем, кайненем шкафымды ачып карап жатыптыр. Анан мен унчукпай алчумду алып чыгып баратсам, абысыныма кыйкырып калды, "Паланча, сары дасторконду көргөн жоксуңбу?" деп. Дасторкон менин буюмдарымдын арасында эмне кылсын деген адам жок. "Кантип төшөк салдыңар?" деп жатарда бөлмөбүзгө кирип карап чыкчу".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Gulya21
2016-04-26 14:50:21
Биздин пешенебизге жакшы эр жакшы кайнене кайната туш келсин оомин
+8
Bazana
2016-04-26 15:21:49
Сары дасторкону оло жактыда
+7
Jigit80
2016-04-26 15:35:16
баары пейлине жана намысына жараша болот.Турмуштан бакыт таппасан айыпты бироодон издештин кереги жок.
-4
marmiladka9
2016-04-26 16:11:30
Кайненелер ото кыйын калк келет негизи. Ооошончо мээнет менен багып чонойткон баласын жон эле жолотуп койбойт... Акысын келиндерден алат
Кайын журтта аялдар арасында катуу саясат журуп турат.(кайын эне,кайын эже,синди. анан абысын д.н фигуралар бар да)
+1
tursunbaev78
2016-04-26 18:50:02
marmiladka9,Сен да кайнене болосун
+2
marmiladka9
2016-04-27 11:38:15
tursunbaev78, сизда келин болуп, кайнене каарын корсонуз мындай дебесениз к.к эле
0
admin_portal
2016-04-26 16:36:27
daniyar84, сын-пикир үчүн өзүнчө даректер бар! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан