Акын Жолон Мамытовдун китеби 30 жылдан кийин кайрадан жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин каржылоосу менен акын Жолон Мамытовдун тандалмалар китеби жарык көрдү. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Жолон Мамытов атындагы фонддун төрайымы Гүлзара Абдымиталипова билдирди.

“Тандалмалар жыйнагы борбор калаадагы басмаканалардын биринен 3 том болуп басылып чыкты. Буга чейин акындын көзү тирүүсүндө ырлар жыйнагы жарык көрүп турган. Эми анын жыйнактары тандалып алынып, 30 жылдан кийин кайрадан басылып отурат. Бул китепти кайрадан чыгарып жатканыбыздын себеби, азыркы муундагы окурмандар поэзиянын көч башындагы Жолонду тааныбай, анын тарбиялык мааниси терең чыгармаларын билбей калышты”, - дейт Г.Абдымиталипова.

Акындын “Тоолор”, “Кутман айыл”, “Туулган жер”, “Жаш курак” деген ырлары окурмандар арасына кеңири жайылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан