Актёр Анвар Осмоналиев: "Индияда өткөн кинофестивалда "Мырзанын мыкты ролу" наамын алуу мен үчүн күтүүсүз болду"

"Индияда өткөн кинофестивалда "Мырзанын мыкты ролу" наамын алуу мен үчүн күтүүсүз болду", - дейт актёр Анвар Осмоналиев бүгүн, 26-апрелде SUPER.KG'ге берген маегинде. Кубанычы азыр да койнуна батпай жаткан актёр буларды айтты:

“Кинофестивалда 21 тасма ат салышты. "Асман алдында" тасмасы көрсөтүлүп жаткан учурда толкунданып, чоң жоопкерчиликти сезип турдум. 3-күнү жыйынтык чыгып, мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү. Кезек-кезеги менен сыйлык ээлери аныкталып, бир маалда "Мырзанын мыкты ролу" наамы Анвар Осмоналиевге тапшырылат” дегенде сүйүнүп кеттим. Бул мен үчүн күтүүсүз болду. Азыр деле кубанычым тарай элек. Алгач кинофестивалга барганда номинациялар бар экен деп ойлогон эмесмин.

Бул менин экинчи сыйлыгым. Буга чейин да ушул эле тасмада жараткан ролум үчүн Якутияда өткөн III Эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты актёрдук дебют" наамын алгам”.

Эскерте кетсек, кинофестивалда режиссёр Дальмира Тилепбергендин "Асман алдында" жана режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмалары сыйлыкка көрсөтүлгөн. "Асман алдында" тасмасында ойногон кыргыз актёру Анвар Осмоналиев "Мырзанын мыкты ролу" наамына ээ болуп, "Курманжан датка" тасмасы калыстар тобунун сыйлыгына татыган.

Актёр Анвар Осмоналиев Индияда өткөн кинофестивалда "Мырзанын мыкты ролу" наамын өңөрүп кайтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mahabbat
2016-04-26 14:19:05
Мага жагат бул бала
+1
Angel92
2016-04-26 14:19:30
Кут болсун!Мындан ары да коп ийгилик жар болсун
+4
Maripa
2016-04-26 15:31:31
Азаматсын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан