Ушул жылдын февраль айында Надежда Агапованын 3 бөлмөлүү үйүндө өрт чыккан. Кезинде үй курууда саман жана тактай көбүрөөк колдонулгандыктан, үй өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жараксыз абалга келген. Мунун кесепетинен Надежда айым жалгыз уулунан айрылган.
SUPER.KG порталына Токмок шаарынын мурунку вице-мэри, активист Марат Абдраев билдиргендей, учурда жалгыз калган энеге жардам көрсөтүлүп жатат. "Канадалык досторумдун жардамы менен учурда Надежда апабыз жашаган үйдүн полун жылууладык. Ал бузулуп кетпесин деп тамак-аштарын кошуналарына таратып жатыптыр, эми муздаткыч алып берели деп жатабыз. Жылуу пол дайыма иштеп туруш үчүн электр энергиясы үзгүлтүксүз берилиши керек. Жон досум электр энергиясы үчүн ай сайын чыгарылган төлөм акыны өз моюнуна алды. Эми Жондун Америкадагы, Канададагы досторуна, Токмоктогу активисттерге кайрылып, акча чогултуп жатабыз. Жакын арада үйдү калыбына келтирип беребиз", - дейт активист.
Анын айтымында, учурда Надежда айым короосундагы 2 бөлмөлүү чакан үйдө жашап жатат. Оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери мындан ары да уланат.