СУПЕРСТАН: "Турмушка чыксам, койгон максаттарыма жетпей каламынбы деп корком"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар күйөөгө тийгенден коркушабы?" деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Турмуш жолуна аттануу - жашоодогу эң татаал чечим. Бир жолу кабыл алынуучу чечимдин туура болуусун ким эле каалабасын, кыз кишиге андан да жооптуу".

"Кыздардын "күйөөгө тийгенден коркобуз" дегенин көп угам. Азыркы заманда кыздардын күйөөгө тийүүдөн коркконунун 2 варианты бар: Таза кыз болсо, нике түндөн коркот; Таза эмес болсо, "кыз эмес экеним билинип калбаса экен" деп коркот. Кыздар, күйөөгө тийгенден эмес, тийбей калуудан корккула".

"Мен нике түндөн корком, тийгенден кийин атамдын үйүндө жүргөндөй эркелеп, каалаганымды жасай албай калам деп".

"Коркконго негиз бар. Бирөөнүн үй-бүлөсүнө барып эле кошулуп кетүү оңой бекен?! Кайын журтуң канча жакшы мамиле кылып турган учурда деле өзүң туулуп-өскөн үйүңдү, ата-энең, жакындарыңды сагынасың. Сен ал үйгө келинсиң, ошондуктан да төркүнүңө кылган эркелигиңди аларга кыла албайсың. Ар бир үйдүн өз мыйзамы болот, ал мыйзамды өздөштүрүп, баш ийип жашоого да күч, убакыт керек".

"Турмушка чыксам, койгон максаттарыма жетпей каламынбы деп корком. Үй-бүлөдөгү болчу маселелерден корком. Кыскасы, корком, корком".

"Кийин, балким, бул оюм өзгөрөр, бирок азыр эч эле турмушка чыккым келбейт. Элестете албайм. Өзүмдүн эркиндигимди чектеп, баш ийип отургум келбейт. Анан эжелерим, жеңелерим, баары эле күйөөсүнүн бир кыялын айтып кейий беришет. Күйөөгө чыгып жыргадым дегендерди жолуктура элекмин".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ady-88
2016-04-27 12:00:33
Турмушка чыкпаганда башка эмне кыласынар. Кызык эле
+5
nargis
2016-04-27 12:29:01
Турмушка качан дайар болгондо чыгыш керек талдап,анда ото жаш чыкпагыла мункун болсо 20,27жашка чейин.
+4
Bazana
2016-04-27 12:44:16
Менин оюм кыздар кичине токтолуп 22ден 25кече турмушка чыкса жакшы болот
+4
Uson13
2016-04-27 17:55:46
Жакшылыктын баары эрте болгону жакшы ошондуктан корком дебей эртерээк турмушка чыккыла кыздар
+1
azabraza
2016-04-27 21:10:38
желе басып кеткенче эртерек тийгиле кыздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан