"Ак илбирс" киносыйлыгына катышуу үчүн 40тан ашык арыз түшүп, анын ичинен 15 тасма тандалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын кинематографисттер биримдигинин катчысы Талант Төлөбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, тасмалар толук жана кыска метраждуу, даректүү тасмалар болуп үч топко бөлүнүп, ар бир номинация боюнча бештен тасма бар. Толук метраждуу ленталар тизмесине “Раззаков”, “Арзы”, “Бир тууганчик”, “Асман алдында” жана “Сүтак” кирди. Жеңүүчүлөр 13-майда жарыяланат.
“Ак илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл бешинчи ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт.
Толук метраждуу тасмалар:
1. "Сүтак" тасмасы, режиссёру М.Абдыкалыков
2. "Асман алдында", режиссёру Д.Тилепбергенова
3. "Бир тууганчик", режиссёрлору Д.Болотбеков, А.Табалдиев
4. "Раззаков", режиссёру А.Токторов
5. "Арзы", режиссёру Р.Машрапов
Кыска метраждуу тасмалар:
1. "Тегирмен", режиссёру Н.Темирбек уулу
2. "Таксист", режиссёру К.Адылбекова
3. "Шакек", режиссёру Б.Үсөналиев
4. "Пицца", режиссёру А.Жангазиев
5. "Макал-лакап", режиссёру А.Максүтов
Даректүү тасмалар:
1. "Тазалыктын балдары", режиссёру Г.Дүйшөнкулова
2. "Коштошуу гастролдору", режиссёру Т.Мюльбауэр
3. "Каникул", режиссёру Х.Рахматилла уулу
4. "Сафед Булан", режиссёру Б.Исманов
5. "Аймак", режиссёру А.Абышкаев