Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөр арасында жолдо жүрүүнүн эрежесин үйрөткөн “Жаш инспектор” аталышындагы мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
“Мелдешке Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучулары катышууда. Иш-чаранын негизги максаты - жолдо жүрүүнүн эрежесин үйрөнүү, өспүрүмдөр арасында достукту бекемдөө, жол кырсыктарынан сактануу”, - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарындагы 15 мектептин окуучулары катышууда.