Бүгүн, 27-апрелде "Манас" кинотеатрында "Кыргыз-казак бир тууган. Путешествие с бомбой" комедиялык тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, чакырылган коноктор, шаар тургундары жана башкалар катышууда.
Тасманын режиссёру Нурлан Абдыкадыров тасма көп убакыт тартылгандыктан, кыйынчылыктар да, кызыктар көп болгонун белгилеп: "Тасма 3 жыл тартылды. Кыргыз, казак элинин бир тууган экенин, улуттар аралык ынтымак маанилүү экенин баяндайт", - деди.
Маркум актёр Мукамбет Токтобаев тасмада акыркы ролун жараткан. Бүгүнкү тасманын бет ачары актёрду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.