Ак-Талаа. Райондук соттун жаңы имаратын курууда курулуш нормалары бузулуп жатканы аныкталды

Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Нарын шаары, Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Ак-Талаа районундагы райондук соттун имаратына кошумча имараттын курулушу боюнча жеринен көзөмөл жүргүзүлдү. Учурда имаратта сейсмикалык алкак коюу иштери аткарылууда.

Аталган инспекциядан кабарлашкандай, арматураларды байлоо жана ширетүүдө курулуш нормалары сакталбай жатканы аныкталды. Долбоордо куюлган колонналардагы арматуралардын диаметри Ф 22 А-III көрсөтүлгөн болсо, ал колоннада арматура Ф 16 А-III менен көрсөтүлүп, бетон куюлган жана аны жашыруу максатында Ф 16 А- III арматуранын учуна Ф 22 А-III арматураларды узартып байлап, тез аранын ичинде бетондоого ашыгып жатышат. Буга байланыштуу курулуш иштери токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан