Жолдогу паракорчулуктун алдын алуу максатында республика боюнча айдоочуларга түшүндүрмө китепчелер таратылды

“Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылы жолдордогу абалды өзгөртүү үчүн айдоочуларга атайын эскертме, китепчелерди таратышкан. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде маалымат жыйынында долбоордун өкүлү Болот Исмаилов билдирди.

"Айдоочулардын эскертмелеринде жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул, төлөм терминалдарын (ПОС-терминалдар) пайдалануу жөнүндө маалыматтар жазылган. Мындай иш-чаранын максаты жол кыймылындагы паракорчулукту жок кылуу, айдоочулардын укуктарын коргоо болуп саналат", - дейт Болот Исмаилов.

Унаа ээлерине арналган китепчелер 3 тилде 75 миң нуска менен жарык көргөн. Ошондой эле 150 миң эскертме, 18 миң плакат чыгарылган. Мунун баары республиканын бардык аймактарында таратылып, түштүк региондоруна китепчелерди таратууда тоскоолдуктар болгон. Долбоордун юристи Валерьян Вахитов бул тууралуу: "Ошто өзбек тилиндеги китепчелерди укук коргоо кызматкерлери элге тараттырбай коюшту. Колубуздан эскертме китепчелерди тартып алышты”, - дейт В.Вахитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Anarbek58
2016-04-27 13:44:01
Тууру кылышкан.Сен озун Вахитов кайсыл улуттан болосун?Озбек туугандар кыргызча уйронуп,кыргыз тилин уйронушсун.Качанга чейин ооздоруна чайнап беребиз жолдош Вахитов?????!
+12
ediko85
2016-04-27 14:03:19
Туура таркатпашкерек озбек тилиндеги китепти эмне учун кошот озбек тилин озбек тили между народный тил беле (((
+6
Beki092
2016-04-27 14:05:22
Кыргызстанда болгон сон Кыргыз тилиндеги китептерди таркаткыла

Жол эрежесин билгиси келсе Кыргыз тилин уйронушсун

Вахитов Узбек тилиндеги китептерди озун окуу
Бул жер сага Узбекистан эмес Кыргызстан
+6
syd.adilet
2016-04-27 14:15:43
Туура кылат. Биз эне тилибиз жерибиз кыргыздыкы болгондон кийин кыргыз тилинде жазып тараткыла. Ушунтип ар бир улуттун оз тилинде жазып береберсек анда кыргыз тилин эч качан онуктуро албайбыз.
+4
Beki092
2016-04-27 16:15:29
Ошол китеп колума тийгенде куйгузуп туруп Вахитовтун колуна колуна бермекмин
0
kuba502
2016-04-27 16:39:25
Мамлекеттик жана официалдуу тилде таркатсанар болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан