Бишкекке Twitter`ди жасап чыгууда иш алып барган программист Жон Чи кыргыз жаштарына өз тажрыйбасы тууралуу айтып берет. Жолугушуу 30-апрелде Бишкектеги окуу жайлардын биринде өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда программист өз тажрыйбасы, жумушундагы эске алчу жагдайлар тууралуу ой бөлүшөт. Жолугушууда ал 30-40 мүнөт сүйлөп, анан чогулгандардын суроосуна жооп бермекчи.