МЕДИА-ПОРТАЛ: Кайдасың?” аттуу ырга клип тартып жатканда Казакстандын полиция кызматкерлерине ырдап берип кутулууга туура келген” дейт ырчы Ильяз Абдыразаков

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү кызыктуу жаңы клиптердин катарын Ильяз Абдыразаков менен казак ырчысы Асыл Мура биргеликте тарткан “Кайдасың?” аттуу ырынын клиби толуктайт.

Клип тартуу иштери, андагы кыйынчылыктар тууралуу кайрылганыбызда Ильяз төмөнкүлөргө токтолду: “Клип 2016-жылдын 1-январында Казакстанда тартылган. Клипти тартууда кыйынчылык деле жаралган жок, кыздын ролун казак ырчысы аткарып берди. Өзүм катышкан кадрларды жарым күндө тартып коюп, Алайга тойго кетип калгам.
Мен катышкан кадрларды көп кабаттуу үйлөрдүн жанында топтошкон адамдар болуп тартып жатканбызда, ошол үйдүн жашоочулары полиция кызматкерлерин чакырып коюшкан экен. Биз өз ишибизди жасап, образга берилип иштеп жаткан маалда полиция кызматкерлери келип калышты. Аларга иштин чоо-жайын түшүндүрүп, ырдап берип кетиргенбиз
”.

"Кайдасың?" ырынын клибин бул жактан көрө аласыңар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан