Жыл башынан бери жумуш орду менен камсыздалгандар, чакан насыя алгандар жана окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор 15 миңден ашты

Жумушка орноштуруу боюнча кызматка кайрылгандардын 94 пайызы жумуш табышат же кесип ээси болуу үчүн окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги министр Кудайберген Базарбаевге шилтеме берүү менен билдирди.

"Эгемендүүлүккө ээ болуп, саясий формациянын алмашканына 25 жыл болду. Бүгүнкү күндө экономикалык көйгөйлөр жана жумушсуздук кырдаалды бир топ татаалдаштырып, көпчүлүк жаңы чакырыктарга даяр эмес болуп чыкты. Жумушсуздукту кыскартуу коомдун социалдык абалын жакшыртмак. Жыл башынан бери жумуш орду менен камсыздалгандар, чакан насыя алгандар жана окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондор 15 миңден ашты", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан