Бишкекте кыргыз менен казак бир тууган эл экендигин даңазалаган комедиялык тасманын бет ачары болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-апрелде "Манас" кинотеатрында "Кыргыз-казак бир тууган. Путешествие с бомбой" комедиялык тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Ага тасманын жаратуучулары, чакырылган коноктор, шаар тургундары жана башкалар катышышты.

Тасманын бет ачары улуу актёр Мукамбет Токтобаевди бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Комедиялык тасмада тентек кыздын образын жараткан ырчы Сауле башында образга кире албай кыйналганын айтат. “Тасмада эркек мүнөз, аябай тентек кызды ойнодум. Тасма 3 жыл тартылгандыктан, кыйынчылыктар болду. Кыш, күз мезгилиндеги суук аба ырайына карабай жука кийинип ойноого туура келип жатты”.

Тасмада Ихтиандр аттуу башкы каарман казак кызы Диананы Казакстандын Алматы шаарынан Ысык-Көлгө үйүнө алып келет. Ошол күнү эле кыздын башына ак жоолук салышат. Кыргыздын салты боюнча кудалардын алдынан өтүү үчүн Ихтиандрдын жакындары берчү калың, белектери менен кичи автобуска түшүп алып Казакстанга жөнөп калышат. Казак чек арасына жеткенде аларды өткөрбөй коюшат. Кандай да болсо максатка жетүүнү көздөгөн кудалар чек араны бузуп, тоо аралап Алматыга жол алышат. Алдыда аларды казак кудалардын катуу каршылыгы, милиция кызматкерлеринин коркутуулары, жадакалса түрмөгө түшүп калуу коркунучу жана ыр-тамаша, күтүлбөгөн баалуу белектер күтүп турган болот. Кыргыз, казак элинин бир тууган эл экендиги “Кыргыз казак бир тууган. Путешествие с бомбой” тасмасында күлкү менен баяндалат.

Эл артисти Мукамбет Токтобаев акыркы ролун жараткан "Кыргыз-казак бир тууган" тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан