Борбор калаага 20 миң түп гүл отургузулду (фото)

Борбор калаанын көчөлөрүнө жана Курманжан датканын эстелигинин айланасына 20 миң түп гүл отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын кооздугун арттырып, шаардыктарга жана конокторго жагымдуу маанай тартуулоо максатында 20 миң түп гүл көчөтү отургузулду. Алардын көпчүлүгү көп жылдык гүлдөрдүн түрүнө кирет. Мындан сырткары жайкы сезонго даярдык көрүлүп, фонтандардын түтүктөрү тазаланды.

Мэрия бишкектиктерди гүлдөргө аяр мамиле жасап, шаардын кооздугун бузбоого чакырды.

Эскерте кетсек, 18-апрелге караган түнү Курманжан датканын эстелигинин жанына отургузулган гүлдөрдү жулуп кетишкен. Кийин иликтенип, бул окуя боюнча цыган улутундагы кыздар кармалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rashinboy
2016-04-27 15:02:53
Гүлдөп өркүндөй бер Кыргызстаным!!!
+7
Musabaeva.
2016-04-27 15:22:11
Аракет,өнүгүү жакшы буйруса .
+2
Gema
2016-04-27 15:24:02
жакшы.
+1
bekmaral
2016-04-27 15:56:26
жакшылап караса экен эми.мунуда цыгандарга тебелетип уурдатпай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан