Москвада өткөн Надежда Ламанова атындагы профессионал жаш модельерлер арасындагы сынакта кыргыз кызы Аида Робертова баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу "Mersedes-Benz Fashion Week Russia" сынагынын расмий сайтында маалымдалат.
22-апрелде Слава Зайцевдин Мода үйүндө эң мыкты жаш чеберлердин 13-сынагынын финалы өткөн. Жыйынтыгында Аида Робертова өзгөчө стилдеги кийимдер коллекциясы үчүн башкы байгени жеңип алган. Мекендешибизге "Mersedes-Benz Fashion Week Russia" мода көргөзмөсүнө катышууга жолдомо жана демөөрчүлөрдөн баалуу белектер тапшырылды.
3-орунду Анна Рачкова менен Алёна Шичкина бөлүшсө, 2-орунду Ника Шабашова менен Юлия Майер ээледи. 1-орунга Галина Дрозд жана Галина Бирюкова татыды.
Сынактын калыстар тобуна Вячеслав Зайцев, Егор Зайцев, Елена Макашова, Сергей Ефремов сыяктуу дизайнерлер, Елена Вышинская, Наталья Козлова аттуу мода чөйрөсүндөгү журналисттер кирген.