Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19-абакта өмүр бою эркинен ажыратылган 50 кылмышкер кармалууда

Бүгүнкү күндө Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы №19-абакта 50 өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер кармалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде №19-түзөтүү колониясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурдин Турусбеков билдирди.

Маалым болгондой, 29-февралдан бери аталган абакка оор кылмыштарды жасаган 50 өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер №1-абактан көчүрүлүп келген. Бүгүнкү күндө кыргыз жеринде 300дөн ашуун өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер абакта экени маалым. №19-абак 300 кылмышкерге ылайыкташтырылып курулган. Учурда абактын экинчи имаратты мамлекеттин каржылоосу менен курулуп жатканы белгилүү болду. Ошондой эле ар бир кылмышкердин тамактануусуна 100-150 сом акча бөлүнөрү айтылды.

Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын темир тор артындагы жашоо шарттары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
konsilium
2016-04-28 12:19:51
Ошондой оор кылмыш кылгандарды багып олтурбай эле олум жазасын берип,атып салышса го
+8
Arslan12
2016-04-28 12:37:08
100-150сомдон жыргап жашашат го, буларды иштеткенге дагы болбойт да, актаганга да болбойт, кармап отурбай олум жазасын киргизиш керек. Анын ордуно 300дой жетим жесирлерге берип карагыла, буларды кайтарган дагы 300адам болсо керек.
+7
omurbek1990
2016-04-28 13:54:48
менин жекече ойуму айтсам: буларды коомдук жумуштарга тартып иштетиш керек. качып кетет деп эле корко бербей. эгер качса атыш керек. ошондо жегенин актайт жок дегенде.
+1
DUNI
2016-04-28 14:16:38
жегенин актатыш керек. даяр тамак деп, кайра эле кылмыш кылып турмодооо жатканы кирип жатышкандай сезиле берет да.
+2
Medina87
2016-04-28 17:55:12
Абактагыларды актабайм, бирок ойлонуп корсом аларга кыйын.
Тируунун олугу да...
Кудай баарыбызга ыйман-ынсап берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан