Кыргыз-кытай чек арасы жабылат. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 30-апрелден 2-майга чейин “Торугарт унаа жол” жана “Эркеч-Там унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайлары жабылат. Буга Кытай Эл Республикасында Эмгек майрамынын белгилениши себеп болгон. Өткөрүү жайлары 3-майдан тарта иштей баштайт.