Борбор калаанын бир нече көчөлөрүндө 29-30-апрель күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Профсоюз, Ленская, Нарвская, Кара-Кум көчөлөрү менен кесилишкен аймактарда көгүлтүр от болбойт. Бул оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.