Туура 49 жыл мурун легендарлуу америкалык мушкер Мухаммед Али АКШнын аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн мелдештерге чыгуу укугунан ажыраган. Буга катар чемпиондук наамдарынан кол жууган. Ал кезде Али "Рим-1960" Олимпиадасында алтын медаль тагынып, профессионалдык рингде абсолюттук чемпион (1964-1966-жылдары) болууга жетишкен.
1967-жылы ал согушка каршы экенин айтып, аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан. Бул үчүн мушкер рингге чыгуу укугунан ажырап, аны 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча сот чечими чыккан. "Өз өлкөсүн сатып кетти!" деп көптөгөн күйөрмандар андан жүз бурганы менен, мушкер принцибинен тайган эмес. 1971-жылы Жогорку Сот Мухаммед Алинин ишин кайрадан карап чыгып, мушкерди актаган.
Профессионалдык рингге кайткан Али бир-эки ийгиликтүү аракетинен кийин кайрадан Дүйнө чемпиону аталган.