Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 1994-жылдан 2015-жылга чейин кооптуу аймакта жашап жаткан 76 үй-бүлөнү көчүрүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2016-жылдын башынан бери 18 жолу атайын эскертмелер жергиликтүү бийликтерге берилген. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы 28-апрелде билдирди. Атайын эскертмелерде жарандарды кооптуу аймактардан тез арада чыгарып кетүү милдеттендирилген.
"Жарандардын көпчүлүгү көчүрүлүп чыгарылган, ал эми 27-апрелде катталган жер көчкүнүн алдында калып каза болгон бала жана бир аял, дагы бир бала берилген эскертмелерге карабай кооптуу аймакта мал жайып, кашааларын бекемдеп жүрүшкөн. Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кооптуу аймакты алдын ала изилдеп, кооптуу аймактарда жашап жатышкан жарандарды жергиликтүү бийлик менен бирге коопсуз жайга чыгарып кетишпегенде, адам өмүрүн жоготуулар мындан да көп болуусу мүмкүн эле.
Аталган министрликтин адистери республиканын аймактарындагы жер көчкү кооптуулугунда жашап жаткан 4016 үй-бүлөнү аныкташса, анын ичинен 1064 үй-бүлө коопсуз жайларга көчүрүлүп, чыгарылган. Ал эми дагы 2952 үй-бүлө бүгүнкү күндө ӨКМнын адистеринин атайын эскертмелерине көңүл бурбай, кооптуу аймактарда өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жатышат.
ӨКМнын адистери быйыл жер титирөөлөрдүн кайра-кайра кайталанып жатышынан жана жаан-чачындын көп болгондугунан улам жер көчкүлөрдүн активдешүүсүн эскертет. Адистер эскертип, кооптуу жай катары тааныган жерлерде жашоо өтө кооптуу экендигин билдирет. Андыктан тез арада коопсуз жайларга чыгып кетүү зарыл", - деп айтылат маалыматта.