СУПЕРСТАН: "Бир жылы бирөөдөн 100 доллар алып, аны бербей бир жыл сүйрөгөм"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Карызга акча бере турчу?.." деген тема талкууланууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Карызга акча бере турчу..." Ушул сөздү көп угам. Эл ойлойт окшойт, менде казына бар деп. Тегерегимдеги адамдардын дээрлик 80 пайызына карыз бердим го. Калган пайызы мурда карыз алып, анан "мына берем, ана берем, түшүнчү, күтүп койчу" деп ишеничтен чыккандар. Бир жылы бирөөдөн 100 доллар алып, аны бербей бир жыл сүйрөгөм".

"Азыр бирөөгө 7000 сом карызым бар, буюрса, жакында берем. Бир адам бар, ага түн ортосунда чалсам да 15 000 сомго чейин акча бере алат. А мен эч кимге деле акча бербейм, себеби өзүмдөн артпайт".

"Жаныңды койбой алып, анан кайра берерде кечиктирип, майдалап-чүйдөлөп бергендерге жиним келет да".

"Ар дайым карызмын. Карызга такыр бербейм, анткени ар дайым "голякмын". Карыздарды ойлогондо чекем тырыша түшөт".

"Бирөөгө берип коюп, өзүм "орозо кармап" жүргөн учурум".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Medina87
2016-04-28 17:36:41
Менден бир дос келин карыз, такыр эле бере койбогонунан мен да башка бир дос келинден карыз алгам.
Жашоо 3 бурчтук биягы....
0
Kroxa
2016-04-28 20:34:07
Бар болсун,,кыжалаттан чыгарган жакшы бирок кээ бирлер куйрукту туйуп кетишет,,алганды билгенден кийин бергенди да билиш керек,,,Иий менин куйоом коп кишилерге беретда кайра ала албай калат,эмкиде бербейм дейт кайра эле берет,,бар болсун берип койсон бир чети качандыр береттир деп умут менен жашайсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан